Преподаватель узбекского языка( LSLC )
Описание
Келечек колубузда!
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИ
ЧЕНЕМДИК УКУКТУК ДОКУМЕНТТЕР
КЕЛИШИМ
УСТАВ
НУСКАМАЛАР
ЖОБОЛОР
ЖОЛ-ЖОБОЛОР
НЕГИЗДЕР
ЭКВИВАЛЕНТТИК ТАБЛИЦАЛАР
Ноябрь-2019
БИШКЕК
МАЗМУНУ
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ОРТОСУНДАГЫ КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АНДАН АРКЫ ИШИ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ОРТОСУНДАГЫ КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН УСТАВЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МЕМОРАНДУМ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН УСТАВЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР (ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМ) БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ БААЛОО ЖАНА ШЫКТАНДЫРУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН БИОТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БИО АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН СТИПЕНДИЯ БЕРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АЛДЫНДАГЫ ЧАРБАЛЫК ЭСЕПТИН НЕГИЗИНДЕ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ТҮЗҮМДҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН САЛТТУУ ОЮНДАР ЖАНА СПОРТ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЫГЫМ ДОКУМЕНТТЕРИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШ САПАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЧЫГЫМДАР БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕР БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КИТЕПКАНА БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН БАКАЛАВР ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУУ-ТАРБИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН БАКАЛАВР ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛГАН СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН ИШКЕ АШЫРГАН ИНСТИТУТТАРДЫН ТҮЗҮМҮ ЖАНА АНЫН ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИНИН ИШТӨӨ УСУЛУ ЖАНА НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО АЗИЯ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТ АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРДЫ АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОЦЕНТТИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ, ДОЦЕНТ, ПРОФЕССОР НААМЫН БЕРҮҮ ЖАНА АЛАРДЫ ДАЙЫНДОО БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ДАЯРДОО ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН САТЫП АЛУУ ЖАНА ТЕНДЕР ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖЕКЕ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛЫК НОМЕР БЕРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АВТОУНАА КАРАЖАТТАРЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН БАСЫП ЧЫГАРУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАЙКЫ МЕКТЕП БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕК ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АЧЫК ЖАНА ЖАБЫК СПОРТТУК ОБЪЕКТТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КУРАТОРЛУК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК БААЛОО ЖАНА САПАТТЫ ЖАКШЫРТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ БААЛОО ЖАНА ШЫКТАНДЫРУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫН КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШКЕ АЛЫНА ТУРГАН КЕНЖЕ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК УНИВЕРСИТЕТИНИН АГА ОКУТУУЧУ, ОКУТУУЧУ ЖАНА АДИСТЕРДИ ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН БАСМА СӨЗ ЖАНА КООМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЮРОСУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ АЛЫП БАРУУСУ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИПЛОМДУК ИШ ЖАЗУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШ АДИСТИК ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР БӨЛҮМҮНҮН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИПЛОМ, СЕРТИФИКАТ, ДИПЛОМДУН ДУБЛИКАТЫН ЖАНА МУГАЛИМДИК СЕРТИФИКАТТЫН ОРДУНА ЖАРАКТУУ ДОКУМЕНТ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРДИ КОЛДОО БЮРОСУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА ЧАРБАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КООПСУЗДУК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАНЫБАРЛАРГА ЭКСПЕРИМЕНТ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭТИКА КОМИТЕТИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ АШЫКЧА ИШТЕГЕНИ ҮЧҮН АКЫ ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУУ-ПРАКТИКАЛЫК МЕЧИТИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН САПАТТЫ БАШКАРУУ ЖАНА КЕПИЛДИК СИСТЕМАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН САПАТ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫНЫН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КООМДУК ТАМАКТАНУУ ЖАЙЛАРЫ (БУФЕТ ЖАНА КАФЕТЕРИЙ) ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КАРЬЕРА БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРАК ЖАЙ БЕРҮҮ ЖАНА АНЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КЕСИПТИК ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНЕ КАРАШТУУ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЙҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН "ПЕДАГОГИКАЛЫК СЕРТИФИКАТ" ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОЛБООРЛОРДУ КООРДИНАЦИЯЛОО БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТИК ҮЙЛӨР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШ ЖАНА СТУДЕНТТИК ТОПТОР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН БААЛОО, ТАНДОО ЖАНА ЖАЙГАШТЫРУУ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН СЫНАК ЖҮРГҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТYРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРИЗМ ЖАНА МЕЙМАНКАНА ИШТЕТҮҮ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН ОКУУ-ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРИЗМ ЖАНА МЕЙМАНКАНА ИШТЕТҮҮ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АВТОУНАА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮСҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШТЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ АЛЫП БАРУУСУ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЕТ ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШУМЧА АДИСТИК БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ГОРИЗОНТАЛДЫК ЖАНА ВЕРТИКАЛДЫК КОТОРУЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ӨЛКӨ ИЧИНЕ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ИШ САПАРГА ЖИБЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КЫРГЫЗ ЖАНА ТҮРК ТИЛДЕРИН ӨЗДӨШТҮРҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫН ӨТКӨРҮҮНҮН НЕГИЗДЕРИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА БАШКА УНИВЕРСИТЕТТЕН "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНЕ КОТОРУЛУУ СЫНАГЫНЫН НЕГИЗДЕРИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ОКУУ ЖҮГҮ, СААТЫНА АКЫ ЖАНА ЖАРЫМ АЙЛЫК АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЛЫКТАРЫ ЖАНА АНЫ ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ СЫНАГЫНЫН НЕГИЗДЕРИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ НЕГИЗДЕРИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЕТ ТИЛ СЫНАГЫ БОЮНЧА БАЛЛДАРДЫ КОТОРУУ ТАБЛИЦАЛАРЫ
КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН GRE-GMAT-ALES СЫНАКТАРЫ БОЮНЧА БАЛЛДАРДЫ КОТОРУУ ТАБЛИЦАЛАРЫ
ГЛОССАРИЙ
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ОРТОСУНДАГЫ КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН АНДАН АРКЫ ИШИ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМИ
1-БЕРЕНЕ
Бул келишим 1997-жылдын 24-октябрында Анкара шаарында кол коюлган, "Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинин ачылышына байланыштуу Келишимдин" тиркеме Протоколун жокко чыгарбайт.
Аталган протоколдун мөөнөтү Келишимдин мөөнөтү менен кошо аягына чыгат.
2-БЕРЕНЕ
Университетте окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Бирок, орток же кош диплом берүүчү программалар чет тилдеринде окутулушу мүмкүн. Кээ бир бөлүмдүн өзгөчөлүгүнө жараша заманбап тилдер тереңдетилип окутулат. Бул максатта тиешелүү факультет жана бөлүмдүн муктаждыгына жараша 1 жылдык даярдоо курсу ачылышы мүмкүн.
3-БЕРЕНЕ
Университетте жаңы факультет, институт, жогорку мектеп жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу боюнча чечимдер ректорлуктун сунушунун негизинде Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынат.
4-БЕРЕНЕ
Университет илимий өз алдынчалыкка ээ болуп, анын бүтүрүүчүлөрүнө берилген дипломдор эки өлкө тарабынан таанылат.
5-БЕРЕНЕ
Университетти башкаруу 8 адамдан турган Камкорчулар Кеңеши тарабынан жүргүзүлөт. Камкорчулар Кеңешине ар бир Тараптан төрттөн мүчө дайындалат. Камкорчулар Кеңешинин Төрагасы жана 3 мүчөсү түрк Тарабынан 3 тараптуу (Президенттин, Премьер-министрдин жана Министрдин) чечим менен дайындалат. Аталган чечим Түркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Комитетинин сунушунун негизинде Түркия Республикасынын Улуттук эл агартуу министрлиги тарабынан даярдалат.
6-БЕРЕНЕ
Университеттин ректору Камкорчулар Кеңешинин сунуштоосу менен Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин Башкы Кенеши тарабынан, ал эми биринчи проректору (Ректордун биринчи орун басары) Камкорчулар Кеңешинин сунуштоосу менен кыргыз Тарабынан иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык 4 жылга дайындалат.
7-БЕРЕНЕ
Камкорчулар Кеңешинин иши менен кошо университеттин башкаруу, каржы жана илимий-изилдөө иштерине жалпы байкоо жана текшерүү жүргүзүү максатында Текшерүү комиссиясы түзүлөт, анын курамына ар бир Тараптан төрттөн мүчө дайындалат. Бул Комиссиянын мүчөлөрүн дайындоо Камкорчулар Кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тартибине ылайык жүргүзүлөт. Текшерүү комиссиясынын төрагасы 2 жылда бир жолу кезектешүү менен Тараптар тарабынан аныкталат. Текшерүү комиссиясы жылына кеминде 1 жолу Тараптарга жалпы отчет берет.
8-БЕРЕНЕ
Түркия, Кыргызстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин жана коомдорунун жарандарына-студенттерине университетке кабыл алууда мүмкүнчүлүктөргө жараша артыкчылык берилет.
Орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү университетке жогорку окуу жайларынын кабыл алуу тартибине ылайык кабыл алынат.
9-БЕРЕНЕ
Кыргыз Тарабы университетти, анын кызматкерлерин (профессордук-окутуучулар курамын, административдик кызматкерлерин, жетекчилерин ж.б.) жана студенттерин Кыргыз Республикасынын жарандары баш ийген мыйзамдардын алкагында укук жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылат. Университетте иштей турган Түркия Республикасынын жарандары болгон окутуучулардын саны кандайдыр бир чектөөгө алынбайт. Университетте иштей турган чет өлкөлүк жарандардан турган кызматкерлердин жалпы саны университет тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мекемелерине билдирилет. Тараптар, университетте иштей тургандар менен кошо, бир биринин окутуучуларын өз ара макулдашуунун негизинде иштөөгө уруксат алуудан бошотот.
10-БЕРЕНЕ
Университет заманбап университеттин үлгүсү боюнча курулат жана анын бюджетинин 50 пайызы Түркия Республикасы, 50 пайызы Кыргыз Республикасы тарабынан каржыланат. Университет уюмдардан, мекемелерден жана жеке адамдардан жардам ала алат.
11-БЕРЕНЕ
Университетте эмгектене турган административдик кызматкерлер жана профессор-окутуучулар курамы эмгек келишиминин негизинде иштешет.
Түркиянын мамлекеттик университеттеринен жиберилген окутуучулар менен административдик кызматкерлер Түркия Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык 3 жылга чейин айлык маяналарын сактоо менен иштей алат. Түркиянын мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларынан жана башка уюмдардан келе турган окутуучулар жана административдик кызматкерлер Камкорчулар Кеңешинин талабына жана иштеген мекемелеринин уруксатына, ошондой эле Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин дайындоосуна ылайык эмгек маяналары сакталбастан иштей алат.
Бул багытта ишке алынган окутуучу жана административдик кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмү ушул Келишимдин негизинде иштелип чыга турган уставдын жоболоруна ылайык Камкорчулар Кеңеши тарабынан аныкталат жана алардын Кыргызстанда эмгектенген кызмат мөөнөтү Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Социалдык коргоо комитетинин көзөмөлүндө болот; чет өлкөлөрдө иштегендиги үчүн төлөнүүчү компенсациядан тышкары, негизги айлык акысынан төлөнүүчү бардык социалдык коргоо төлөмдөрү университеттин бюджетинен төлөнөт. Кыргызстандагы кызматтык мөөнөтү Түркиядагы эмгек стажына кирет жана кызматтык жогорулоодо эске алынат.
12-БЕРЕНЕ
Университет үчүн Түркия жана чет өлкөлөрдөн алынып келинген ар түрдүү окуу куралдарынан, материалдык-техникалык жабдуулардан жана курулуш материалдарынан бажы салыктары жана башка төлөмдөр алынбайт. Университеттин айлантуучу капиталын иштетүүдөн түшкөн кирешелер ар кандай салыктан бошотулат.
13-БЕРЕНЕ
Кыргыз Тарабы университетти керектүү имараттар менен бирге, кампус жана окуу-өндүрүштүк чарба курууга ылайык болгон жер тилкелери менен камсыз кылат. Университетке бөлүнүп берилген имарат жана жерлер Камкорчулар Кеңеши тарабынан бааланат. Университеттин менчигине берилген имарат жана жердин наркына тете болгон оңдоо, материалдык техникалык камсыздоо жана башка максаттагы керектөөлөр үчүн Түрк тарабы университеттин бюджетине акча каражатын бөлүп берет.
14-БЕРЕНЕ
Камкорчулар Кеңеши кеминде 1 жолу ар бир календардык жылдын аягында Тараптарга Университеттин иши жөнүндө отчет берет.
15-БЕРЕНЕ
Университеттин ишмердигине жалпы көзөмөлдү түрк Тарабынан Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин жетекчилиги, ал эми кыргыз Тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзөт.
16-БЕРЕНЕ
Бул келишимге түшүндүрмө берүү жана аны иш жүзүнө ашырууда келип чыккан пикир-келишпестиктерди жоюу Тараптардын ортосундагы дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
17-БЕРЕНЕ
Бул Келишим 25 жылга түзүлүп, Тараптардын кол коюусу үчүн зарыл болгон бардык иш-чаралар аяктагандыгын кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптарга жазуу жүзүндө билдирилген күндөн тартып күчүнө кирет. Келишимдин мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 6 ай калганда Тараптардан бири Келишимден баш тартуу боюнча пикирин билдирбесе, Келишим 25 жылга өзүнөн өзү узартылган болуп эсептелет.
Университеттин бюджетинен сатып алынган кыймылсыз мүлктөр, курулган имараттар жана материалдык техникалык жабдуулар университеттин мүлкү болуп эсептелет, Университетти жоюу чечими кабыл алынса, Тараптардан орток комиссия түзүлөт, университеттин мүлкүнүн эсеби чыгарылып, Тараптар өздөрүнө тиешелүү үлүштөрүн бөлүп алышат.
Мөөнөтү аяктаганына карабастан башталып, уланып келе жаткан долбоорлор жана иш-чаралар үчүн бул Келишимдин жоболору өз күчүн жоготпойт.
18-БЕРЕНЕ
Бул Келишимдин жоболорун кандайдыр бир учурда дипломатиялык каналдардын жардамы менен Тараптардын кат жүзүндө кайрылуусу жана макулдугу аркылуу өзгөртүлүшү мүмкүн.
Мындай өзгөртүүлөр аталган Келишимдин 17-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирет.
УТУРУМДУК БЕРЕНЕ
Бул Келишим кол коюлган күндөн тартып 3 ай ичинде, ушул Келишимдин 6-беренесине ылайык ректор жана биринчи проректор дайындалат. Бул дайындоо иш жүзүнө ашканга чейин кызмат милдетин аткарып жатышкан ректор жана биринчи проректор кызматтык милдеттерин аткарууну улантат.
Бул Келишим 2011-жылдын 26-апрелинде Түркиянын Анкара шаарында түрк жана кыргыз тилдеринде ар бири эки нускада даярдалды жана эки тилдеги тексттер бирдей күчкө ээ болгон нускаларына кол коюлду.
Бул келишимдин 2014-жылдын 4-июлунан тартып расмий түрдө күчүнө кириши тууралуу ТРнын Тышкы Иштер Министрлигине караштуу ТРнын Кыргызстандагы Элчилигинин 2015-жылдын 16-февралындагы 2015/7503288 номерлүү каты менен билдирилген.
Бул келишим Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы №76-мыйзамы менен бекитилген жана Эркин Тоо газетасынын 2014-жылдын 30-майындагы 41-санында жарыяланган.
Бул келишим ТРнын Министрлер Кеңешинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы 2012/3787-чечими менен кабыл алынып ТРнын Расмий газетасынын 2012-жылдын 02-ноябрындагы 28455-санында жарыяланган.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ОРТОСУНДАГЫ КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН УСТАВЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрү (мындан ары деп аталат) тарабынан 2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди" ишке ашыруу үчүн төмөндөгүлөр боюнча макулдашышты:
1-берене
Тараптар, 1995-жылдын 17-декабрындагы Бишкекте кол коюлган > университетинде кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген студенттер ИМДБ/ИАСБда магистратура жана докторантура программасы ачылган учурда институттун башкаруу кеңешинин чечими менен которула алышат.
2) Которулган студенттер сабактын кредит-сааттарын толук алып, бирок адистик сынагы-нан өтпөй калган учурда, которулган окуу программасынан кеминде 6 кредит-саатты КТМУдагы тийиштүү институттан алышы керек. Башка программадан которулуу үчүн зарыл болгон документтер институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат. Адистик сынагын ийгиликтүү тапшырган студенттер окуусун улантышат.
Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу
17-берене.
Магистратура жана докторантура программалары боюнча билим алгысы келген Түркия жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан башка чет өлкөлүк студенттер менен КТМУ түзгөн эки тараптуу келишимге ылайык магистратура жана докторантура про-граммаларына арыз менен кайрылган чет өлкөлүк талапкерлер Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган сынак аркылуу кабыл алынышат.
Магистратура жана докторантура программасына арыз тапшырган чет өлкөлүк талап-керлерден милдеттүү окутуу тилдеринен башка тилди билүү талап кылынбайт.
Чет өлкөлүк студенттер жыл сайын академиялык календарда аныкталган каттоо мөөнөтү ичинде башка студенттер сыяктуу ошол эле учурда кабыл алынышат. Талап-керлер төмөндө көрсөтүлгөн документтерди белгиленген мөөнөттүн ичинде институтка тапшырышып, акыркы каттоодон өтүшөт. Тапшырууда көчүрмөсү, акыркы каттоо учурунда түп нускасы же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилүүгө тийиш болгон документтер төмөндө көрсөтүлгөн:
Диплом же жогорку билими тууралуу документи;
Транскрипт (дипломдун көчүрмөсү);
Паспорт же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Сабактардын ачылышы, сабактарга катталуу, сынактар жана билимди баалоо
Сабактардын ачылышы
18-берене. Сабакка бир эле студент катталса да, ал сабак окутулушу мүмкүн.
Сабактарга катталуу жана каттоону жаңыртуу
19-берене.
Бир студент милдеттүү түрдө өздөштүрүшү керек болгон жалпы кредит-сааттын көлө-мүнүн жарымынан көп бөлүгүн бир эле профессор-окутуучулук курамдын мүчөсүнөн ала албайт.
Студенттер ар бир семестрдин башында академиялык календарда көрсөтүлгөн күндөрү каттоосун жаңыртышы керек.
Жүйөлүү себептерден улам белгиленген убакытта каттоосун жаңырта албаган студент жүйөлүү себебин "сабактарды кошуу/алып салуу" учурунда жазуу түрүндө институттун мүдүрлүгүнө билдириши керек. Жүйөлүү себеби институттун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган студент "сабактарды кошуу/алып салуу" мезгили аяктаганга чейин каттоодон өтө алат.
Каттоодон өтө албаган студенттер кийинки семестрде каттоосун жаңыртып, окуусун уланта берет, бирок өз убагында катталбагандыгынан улам жоголгон убакыт окуу мөө-нөтүнө кошулуп эсептелет. Эки жолу катары менен каттоодон өтпөгөн студенттер университеттен чыгарылат.
Студенттер магистратура жана докторантура программаларында бир семестрде кемин-де 6, эң көп 17 кредит-сааттык сабактарды ала алышат.
Магистратура жана докторантура программаларына катталган студенттер тийиштүү программа талап кылган жалпы кредит-сааттын кеминде жарымын өз программасынан алууга тийиш.
Жайкы эс алуу, ошондой эле өзгөчө статустагы студент болуу жана мындан мурун магистратура жана докторантура программалары боюнча окулган сабактарды кабыл алуу жана бул сабактар боюнча алынган кредит-сааттарды жалпы кредит-сааттардан кемитүү тууралуу жагдайлар илимий жетекчинин пикири жана тийиштүү ИМДБ/ ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу боюнча институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
Студенттер илимий жетекчилеринин макулдугу менен катталган программада орун алган сабактардан тышкары ар кандай кафедралардын программаларынан сабактарды ала алышат. Илимий жетекчи аныкталган мөөнөт ичинде студент тандаган сабактарды ырастайт жана бул мөөнөт ичинде зарыл болгон учурда студент тандаган сабактарды алмаштыра алат. Бул убакыт ичинде илимий жетекчи студент тандаган сабактарды ырастабаган учурда, бул сабактар сөзсүз түрдө окутулат.
Магистратура жана докторантура программаларына катталган студент институттарда окутулган сабактарды да ала алат. Чет өлкөдөгү университеттерде, ошондой эле дистанттык билим берүү технологиясынын жардамы менен чет өлкөдөгү университет-терде магистратура жана докторантура программасы боюнча алынган сабактар же башка жогорку окуу жайларынан алынган сабактар илимий жетекчинин макулдугу менен студенттин өз окуу программасында орун алган сабактарга эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
Студенттин өз университетинин же башка жогорку окуу жайдын институтунда сабак алуусу үчүн анын арызы, илимий жетекчисинин макулдугу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими керек. Студенттер катталган институтта кеминде 12 кредит-сааттык сабакты өздөштүрүү шарты менен башка институттан же институттардан сабак ала алышат.
Сабактарды кошуу/алып салуу жана өзгөртүү
20-берене. Студенттер тандаган сабактарын куратордун макулдугу менен академиялык календарда көрсөтүлгөн "сабактарды кошуу/алып салуу" учурунда алмаштыра алышат же ал сабактарды алып салышат. Студенттер куратору жок болгон учурда (чет өлкөгө иш сапарга кетүү, ооруп калуу, өргүү алуу) тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын башчысынын макулдугу менен жаңы сабак ала алышат, сабактарды алмаштыра алышат же ал сабактарды алып салышса болот. Белгиленген убакыттан кийин сабактарды алмаштырууга болбойт.
Кредит которуу жана сабактан бошотуу
21-берене.
1) Студент арызы менен институтка кайрылып, мындан мурун ийгиликтүү тапшырган сабактардын кредит-сааттарын жалпы кредит-сааттарына которулушун өтүнсө болот. Бирок которулган кредит-сааттар:
Тийиштүү программа талап кылган кредит-саат көлөмүнүн 70 пайызынан ашпашы керек;
Акыркы беш жылдын ичинде алынышы зарыл;
Кредит-сааты которулган сабактын баллы магистратура үчүн кеминде "СВ", докто-рантура үчүн кеминде "ВВ" болушу керек.
2) Кредит-сааттарды которуу үчүн студент жазуу түрүндөгү арызына куратордун макул-дугун, транскрипт жана сабактардын мазмунун кошо тиркеп институтка кайрылат. Документтер тийиштүү ИМДБ/ИАСБ тарабынан иликтенип, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет. Кредит-сааттарды которуу тууралуу арызы туура деп табылган студенттер тийиштүү сабактардан бошотулушат.
3) Чет өлкөдөгү университеттерге жана илим-изилдөө мекемелерине билим алууга кеткен магистрант жана докторанттардын ийгиликтүү тапшырган сабактардан жана практикалык иштерден алган баллдарын алардын орточо баллына кошуу тууралуу чечим чет өлкөлүк университеттер менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, тийиштүү ИМДБ/ИАСБ жана институттун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Студенттердин жетишкендиги
22-берене.
1) Диcсертацияны жазуу этабына өткөн магистранттын жалпы академиялык орточо баллы 2.50дөн төмөн болгон учурда, тийиштүү орточо баллга жогорулатканга чейин кайталап окууга же жаңы сабактарды алууга тийиш.
2) Докторанттын адистик сынагына кирүү үчүн жалпы академиялык орточо баллы кеминде 3.00 болушу керек.
Студенттердин сабактарга катышуу милдети
23-берене. Студенттер катталган теориялык сабактарга кеминде 70%, ал эми практикалык иштерге кеминде 80% катышуусу керек. Сабактарга толук катышпаган студент тийиштүү сабак боюнча финалдык сынакка кире албайт. Сабакка толук катышпагандыгынан же сабакты ийгиликтүү тапшырбагандыгынан улам кайрадан алынган сабактарга толук катышуу шарты талап кылынат.
Сынактын түрлөрү, финалдык сынактар жана аларды ийгиликтүү тапшыруу
24-берене. Магистратура жана докторантура программаларындагы сынактар ара сынак, кайра тапшыруу сынагы жана финалдык сынак болуп бөлүнөт. Бул сынактарга коюлган талаптар төмөндөгүдөй:
Ара сынак: Программада орун алган сабактар үчүн ар бир семестрде кеминде бир ара сынак өткөрүлөт. Тапшырмалар, семинарлар жана ж.б.у.с. иш-чаралар ара сынактын ордуна кабыл алынышы мүмкүн же ара сынакка кошумча балл катары эсептелиши мүмкүн.
Финалдык сынак: Программада орун алган сабактар үчүн ар бир семестрдин аягында финалдык сынак өткөрүлөт. Финалдык сынак курстук иш түрүндө да болушу мүмкүн.
Кайра тапшыруу сынагы:Студенттер кандайдыр бир сынакка катыша албаган жүйөлүү себеби бүткөндөн кийин эң кеч беш иш күнү ичинде тийиштүү институтка арызы менен кайрылышы керек. Медициналык маалымкаты болгон же институттун башкаруу кеңеши тарабынан жүйөлүү себеби кабыл алынган студенттер үчүн ара сынактын жана жыйынтыктоочу сынактын ордуна кайра тапшыруу сынагы өткөрүлөт. Бул сынактын өткөрүлө турган күнү жана орду ИМДБ/ИАСБ тарабынан аныкталат жана жарыяланат.
Магистратура жана докторантура программаларында орун алган сабактар боюнча кайра сынак тапшыруу укугу берилбейт. Студент начар окуган сабагын сабактарды каттоо учурунда кайра алса же ордуна башка сабакты тандап алса болот. Студенттер институттун башкаруу кеңешинин чечими менен жалпы академиялык орточо баллын жогорулатуу үчүн төмөн баага тапшырган сабактарын кайрадан алышса болот. Бул учурда алган акыркы баллы эсепке алынат.
Финалдык баллды эсептөө
25-берене.
Магистратура/докторантура программаларында ар бир семестрде кеминде бир ара сынак жана бир финалдык сынак өткөрүлөт. Бир сабак боюнча финалдык балл ошол сабакка тийиштүү ара сынак, семестр ичинде башка тапшырмалар боюнча алынган баллдар менен финалдык сынактын баллдарынын пайыздык катышынан түзүлөт. Финалдык баллды эсептөөдө семестр ичинде алган баллдардын 40%ы эске алынат.
Бир сабактын финалдык баллы бул сабак боюнча семестр ичинде аткарылган иштери боюнча студенттин жетишкендиги жана финалдык сынакта алган баллы эске алынып, бул сабакты берген окутуучу тарабынан (тамга системасындагы баллы менен кошо) абсолюттук жана салыштырмалуу баалоо системаларына ылайык бааланат жана сынак өткөрүлгөн күндөн тарта 7 күн ичинде институтка билдирилет.
Ар башка институттарда алынган сабактар боюнча жетишкендиги студент катталган институттун баллдарды баалоо системасына жараша бааланат жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет.
Ар бир сабак үчүн төмөндө берилген таблицага ылайык семестрдик финалдык балл берилет. Бул балл магистратура үчүн кеминде СС, докторантура үчүн кеминде СВ болушу керек.
№1 таблица. Баалоо таблицасы
Төрт баллдык система
Беш баллдык система
(Кыргызстандын системасы)
100 баллдык система
Тамга баасы
Баллдык система
Балл
Жетишүү даражасы
90 - l00
AA
4.0
5
Эң жакшы
85 - 89
BA
3.5
80 - 84
BB
3.0
4
Жакшы
75 - 79
CB
2.5
65 - 74
CC
2.0
3
Канааттандырарлык
58 - 64
DC
1.5
50 - 57
DD
1.0
49 жана андан төмөн
FF
0.0
2
Начар
F1
0.0
F2
0.0
G : Кредитсиз сабактарды ийгиликтүү тапшырган студентке берилет.
K : Кредитсиз сабактарды начар тапшырган студентке берилет.
F1 : Семестр ичинде сабакка катышпаган студентке берилет.
F2 : Сабакка катышып жүрүп, жыйынтыктоочу сынакка кирбеген студентке (студенттин семестр ичинде аткарган тапшырмалары эске алынбайт) берилет.
GM : Семестр ичинде сынактарга катышпаган студентке берилет.
F1, F2 жана FF жалпы академиялык орточо баллына кошулат.
Сынак жыйынтыктарын жарыялоо жана апелляция берүү
26-берене.
1) Студенттер кирүү сынагынын жана тил сынагынын, ошондой эле катталган семестрдеги ара сынак менен жыйынтыктоочу сынактын жыйынтыктары боюнча апелляция бере алышат.
2) "Кирүү сынагы" же "тил сынагынын" жыйынтыктары боюнча апелляция сынактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып жети күн ичинде институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө берилиши керек. Сынакты өткөргөн комиссия тийиштүү сынактын жыйынтыктарын кайрадан карап чыгып, 7 күн ичинде тыянагын чыгарат жана жыйын-тыгын керектүү документтери менен институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө жиберет. Документтерди карап чыгууда техникалык ката табылган болсо, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен балл өзгөртүлөт.
3) Студент ара сынак жана финалдык сынактын жыйынтыктары боюнча апелляцияны сынактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып жети күн ичинде институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө бере алат. Институттун мүдүрлүгү тарабынан түзүлгөн, бир мүчөсү сынакты өткөргөн окутуучу болгон жана үч кишиден турган комиссия тийиштүү сынактын документтерин кайрадан карап чыгып, жети күн ичинде тыянагын керектүү документтери менен институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө жиберет. Карап чыгуунун натыйжасында техникалык ката табылган учурда, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен балл өзгөртүлөт.
Сынак жыйынтыгынын окутуучу тарабынан оңдолушу
27-берене. Окутуучу сынак жыйынтыгын оңдой турган болсо, тийиштүү сабактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тарта "жети күн" ичинде жүйөлүү себеби (автоматташтырылган системага ката баллды киргизүү, баллдарды туура эмес эсептөө ж.б.) көрсөтүлгөн арызын жана тийиштүү тиркемелерин институт мүдүрлүгүнө тапшырат. Катаны оңдоо институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ишке ашырылат.
Жалпы академиялык орточо баллы
28-берене.
Студенттин жалпы академиялык орточо баллын эсептөөдө 100 баллдык системадан төрт баллдык системанын баллына өткөрүү үчүн 25-беренедеги 1-таблица колдонулат.
Студенттин ар бир семестрдин аягында алган финалдык баллы менен жалпы орточо баллы эсептелип, жалпы академиялык орточо баллы аныкталат (GANO). Студенттин бир сабак боюнча алган жалпы кредит-сааттарынын көлөмү ошол сабакка тиешелүү кредит-сааттардын көрсөткүчтөрү семестрдин аягында алынган финалдык баллдын коэффициенттерине көбөйтүлүп аныкталат.
Орточо балл
29-берене. Бир семестрде сабактардын жалпы кредит-сааттарынын суммасы ушул сабактардын кредит-сааттарынын көрсөткүчтөрүнүн жалпы суммасына бөлүү жолу менен семестрдик орточо балл чыгарылат. Ал эми жалпы орточо балл сабактардын жалпы кредит-сааттарынын суммасы ушул сабактардын кредит-сааттарынын көрсөткүчтөрүнүн жалпы суммасына бөлүү жолу менен аныкталат. Келип чыккан орточо балл бөлчөк сан менен берилген учурда, ал жүздүккө чейин тегеректелет. Баллдарды эсептөөдө кайрадан окулган сабактар боюнча алынган эң акыркы баллдар эске алынып, студенттин транскриптинде дал ошондой көрсөтүлөт.
Сабакты кайра окуу
30-берене.
Студент начар баа алып өтпөй калган милдеттүү сабакты кайра окууга тийиш. Тандалма сабактарды начар окуган студент ошол начар окуган сабактын ордуна илимий жетекчисинин макулдугу жана ИМДБ/ИАСБнын чечими менен тандалма сабактардын бирин окуй алат. Студенттер жалпы орточо баллын жогорулатуу үчүн төмөн баага тапшырган кээ бир сабактарды кайрадан же/жана жаңы сабактарды окуй алышат. Баллды жогорулатуу максатында кайталап окулган сабактар боюнча алынган баллдар эң акыркы баллдар деп саналат.
Студенттик укуктар/сынакты тапшыруу укугун сактап калуу жана академиялык өргүүгө чыгуу
31-берене.
Каттоодон өтүү, са
28 ноября, 2017
Эркинбек
Город
Бишкек local_shipping
Возраст
64 года (17 августа 1961)
Последнее место работы:
Начальник отдела службы и технических средств, Министерство внутренних дел Кыргызской Республики
01.1984 - 12.2015
28 июня, 2023
Жибек
Город
Бишкек
Возраст
55 лет (10 декабря 2025)
8 июля, 2024
Максатбеков Элдияр
Город
Бишкек
Возраст
55 лет (10 декабря 2025)